Бүтүрүүчү тайпалар үчүн “Коопсуз миграция кербени” иш-чарасы өткөрүлдү

Лицейдин бүтүрүүчү тайпалары үчүн “Коопсуз миграция кербени” иш-чарасы өткөрүлүп, чет өлкөгө ишке орношууда коопсуздук б
553687598 1214955593993234 3149816329735136694 n

Лицейдин бүтүрүүчү тайпаларына Ысык-Көл облусундагы жарандарды ишке орноштуруу борбору тарабынан “Коопсуз миграция кербени” аттуу иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — чет өлкөгө чыгып жумушка орношууда өздүк коопсуздукту сактоо, мыйзамдуу ишке орношуу жолдору жана мүмкүн болгон коркунучтар боюнча кеңири маалымат берүү болуп саналат. Катышуучуларга коопсуз миграциянын мааниси түшүндүрүлүп, пайдалуу кеңештер берилди.