Жаңылык

Жамангул Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик лицейинде аттестаттарды тапшыруу аземи болуп өттү

Жамангул Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик лицейинде бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттарды салтанаттуу тапшыру
WhatsApp Image 2026 06 27 at 11.26.53 (1)

Жамангул Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик лицейинде бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул күн лицейдин бүтүрүүчүлөрү үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, алардын билим алуу жолундагы дагы бир маанилүү баскычтын ийгиликтүү жыйынтыкталышын белгиледи. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө аттестаттары тапшырылып, алардын билим алуудагы аракеттери жана жетишкендиктери жогору бааланды.

Иш-чарага лицейдин жетекчилиги, педагогикалык жамаат, ата-энелер жана ардактуу коноктор катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, келечектеги окууларына жана эмгек жолуна ийгиликтерди каалашты.

Өз сөздөрүндө мугалимдер бүтүрүүчүлөрдү алган билимдерин туура пайдаланып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган мыкты адистерден болушуна тилектеш экендиктерин белгилешти. Ошондой эле ата-энелерге балдарды тарбиялоодогу эмгеги үчүн ыраазычылык билдирилди.

Бүтүрүүчүлөр дагы өз кезегинде билим берген мугалимдерине жана лицейдин жалпы жамаатына терең ыраазычылыктарын билдирип, бул билим уясында алган тажрыйбалары алардын келечектеги ийгиликтерине бекем негиз болоорун белгилешти.

Жамангул Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик лицейи бардык бүтүрүүчүлөрдү кезектеги ийгилиги менен чын дилинен куттуктап, алардын ар бирине чың ден соолук, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана жаркын келечек каалайт.

Ак жол, урматтуу бүтүрүүчүлөр! Келечегиңиздер кең, максаттарыңыздар бийик, ийгиликтериңиздер арбын болсун!