Жаңылык

Компьютердик сабаттуулук курстары ийгиликтүү аяктап, сертификаттар тапшырылды

160 сааттык окуу программасынын алкагында окуучулар компьютердик сабаттуулуктун негиздерин, Microsoft Office программала
WhatsApp Image 2026 04 08 at 15.34.40

Жамангул Тойгонбаев атындагы №2 кесиптик лицейинде өткөрүлгөн «Компьютердик сабаттуулук жана офис программалары» аталышындагы 160 сааттык окуу курстары ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Бул окуу программасы баштапкы деңгээлдеги катышуучулар үчүн иштелип чыгып, алардын компьютердик билимдерин практикалык негизде өнүктүрүүгө багытталган.

ОКУУ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ

Курстун жүрүшүндө окуучулар төмөнкү багыттар боюнча билим алышты:

🔹 Компьютердик сабаттуулуктун негиздери
Окуучулар компьютердин түзүлүшү, негизги бөлүктөрү (монитор, клавиатура, мышь), операциялык системалар тууралуу түшүнүк алышып, компьютерди туура жана коопсуз колдонуу ыкмаларын үйрөнүштү. Практикада компьютерди күйгүзүү, файлдар менен иштөө, клавиатура жана мышь колдонуу көндүмдөрүн өздөштүрүштү.

🔹 Windows операциялык системасы
Бул бөлүмдө катышуучулар Windows интерфейси, рабочий стол, папкалар жана файл системасы менен иштөөнү үйрөнүштү. Практикалык иштерде папка түзүү, файл көчүрүү, өчүрүү жана флешка менен иштөө көндүмдөрү калыптандырылды.

🔹 Microsoft Word программасы (толук курс)
Окуучулар тексттик документтерди түзүү жана форматтоо, таблицалар менен иштөө, сүрөт кошуу, баракты тууралоо, колонтитул жана мазмун түзүү сыяктуу негизги функцияларды өздөштүрүштү. Практикада арыз, резюме, расмий кат жана отчет сыяктуу документтерди түзүштү.

🔹 Microsoft Excel программасы (толук курс)
Бул бөлүмдө таблица түзүү, формулалар (SUM, AVERAGE, IF ж.б.), сорттоо, фильтрлөө, диаграмма түзүү жана финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү үйрөтүлдү. Практикалык иштерде киреше-чыгаша таблицасы жана үй-бүлөлүк бюджет түзүү көндүмдөрү бекемделди.

🔹 PowerPoint, Интернет жана Жасалма интеллект (AI)
Окуучулар презентация түзүү, дизайн, анимация, слайд структурасы менен иштөөнү үйрөнүштү. Ошондой эле интернеттен маалымат издөө, электрондук почта колдонуу жана заманбап AI инструменттерин (мисалы, текст жана идея түзүү) колдонуу боюнча билим алышты.


ФИНАЛДЫК БААЛОО

Курстун жыйынтыгында окуучулар:

  • Word программасында — резюме даярдашты
  • Excel программасында — үй-бүлөлүк бюджет түзүштү
  • PowerPoint программасында — презентация даярдап, коргошту

Ошондой эле тесттик экзамен тапшырып, теориялык жана практикалык билимдерин тастыкташты.


ЖЫЙЫНТЫК

Финалдык экзамендер ийгиликтүү өтүп, окуучулар жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Курсту аяктаган бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Окуучулар өздөрүнүн билим деңгээлинин жогорулаганын белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Бул курс санариптик билимдерди өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзүп, окуучулардын келечектеги окуусуна жана кесиптик өсүүсүнө бекем негиз болуп берет.