Лицейдин өкүлү Vibes долбоорунун алкагында 1-орунду ээледи

Жаштарга багытталган Vibes долбоорунун алкагында «Жашоо көндүмдөрү» жана «Ишке орношуу»
491549466 1086133773542084 4103657846250339813 n 1536x1152

Жаштарга багытталган Vibes долбоорунун алкагында «Жашоо көндүмдөрү» жана «Ишке орношуу» багыттары боюнча тренингдер ийгиликтүү өткөрүлдү. Аталган тренингдик программага лицейибиздин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Турдубекова Айгүл Сыртбаевна активдүү катышты.

Жыйынтыктоочу тренингде Айгүл Сыртбаевна лицейибиздин атынан татыктуу чыгып, 1-орунду багындырды. Жеңиштин сыйлыгы катары ноутбук, сертификат жана баалуу белектер тапшырылды.

Программанын алкагында бир жыл ичинде 23 сессия өткөрүлүп, жыйынтыгында аткарылган иштер боюнча отчет даярдалып, жүргүзүлгөн мониторинг жогорку деңгээлдеги ишти тастыктады.

Ошондой эле лицейибиздин жетекчилиги да жеңүүчүнү шыктандыруучу белектер менен сыйлады.

Биз бул жетишкендик менен сыймыктанабыз жана алдыда дагы жаңы ийгиликтерге жана жетишкендиктерге жетебиз деп ишенебиз!