Лицейде эмгектенген 28 агай “Жооптуу бол!” аттуу бир айлык акциянын алкагында эркектердин жугуштуу эмес оорулары боюнча медициналык текшерүүдөн өтүп, бекер медициналык кеңештерди алышты.



Жугуштуу эмес оорулар — бул өнөкөт, жай өнүгүүчү оорулар болуп, аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. Мындай оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо ар бир адам үчүн маанилүү болуп саналат.
Аталган иш-чараны Каракол шаарындагы “Назик” үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору уюштуруп берди.
Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!