Бүгүн лицейдин эмгек жамааты жана окуучулары үчүн кубанычтуу күн болду. 2-2 ТУ тайпасынын 2-курсунун окуучусу Жыргалбаева Нуржамал эл аралык TURKSKILLS кесиптер чемпионатында мода багытында кийим тигүү боюнча 2-орунду багындырды.
Аталган сынак Казакстан Республикасынын Актау шаарында өтүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттеринен катышуучулар ат салышты.
Нуржамалга тигүү кесибинин бардык сырларын үйрөткөн устаты Орозгазиева Венера Бекбосуновнага терең ыраазычылык билдиребиз.
Жеңүүчү окуучубузга чың ден соолук каалап, келечекте да лицейдин намысын коргоп, жаңы ийгиликтерди багындыруусуна тилектешпиз!





