Лицейдин окуучулары Каракол шаардык мэриясы уюштурган шаардык ишембиликке активдүү катышып, шаарыбыздын тазалыгы үчүн өз салымын кошушту. Ишембиликтин жүрүшүндө айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлүп, окуучулар жарандык жоопкерчилигин жана жаратылышка болгон камкор мамилесин көрсөтүштү.




Мындай иш-чаралар жаштардын экологиялык маданиятын калыптандырууга жана коомдук иштерге активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.