Жаңылык

Лицейде январь айына карата педагогикалык окуу башталды

Лицейде педагогикалык окуунун алкагында экологиялык сабаттуулук боюнча семинар өткөрүлүп, катышуучулар топтук долбоорлор
612145730 1302813765207416 221293747368008568 n

Лицейде январь айына карата педагогикалык окуу башталып, “Алтын казык — билим сапатын камсыздоого багыт” темасынын алкагында “Экологиялык сабаттуулук: стандарттар, климаттык өзгөрүүлөр, жашыл көндүмдөр” боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө экология багытындагы негизги түшүнүктөр кеңири берилди. Кайтарым байланыш максатында топтук иштер уюштурулуп, катышуучулар өз долбоорлорун жактап чыгышты. Жалпы жамаат активдүү катышып, төмөнкү темаларда мыкты долбоорлор сунушталды:

  1. Калдыктарды бөлүп чогултуу жана сууну үнөмдөө
  2. Туруктуу шаарды куруу
  3. Экологиялык аукцион
  4. Жаратылыш чынжыры

Семинар өз максатына жетти. Иш-чаранын негизги максаты — адамдын айлана-чөйрөнү түшүнүүсүн кеңейтүү, жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу, экологиялык жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу жөндөмүн калыптандыруу жана экологиялык маданиятты жогорулатуу болду.

Табият менен таттуу мамиледе болуп, жаратылышыбызды көздүн карегиндей сактайлы!