ЖАРЫЯ: “Тазалык үчүн!” видеоконкурсу

Лицейде “Тазалык үчүн!” кампаниясынын алкагында окуучулар арасында видеоконкурс жарыяланып, мыкты иштер сыйлыктар менен
Konk

Кымбаттуу окуучулар!
Лицейде “Тазалык үчүн!” аттуу кампаниянын алкагында окуу тайпаларынын арасында видеоконкурс башталды!

📹 Катышуучулардын тапшырмасы — лицейдин аймагында жана коомдук жайларда тазалыкты сактоого болгон активдүү көз карашыңарды чагылдырган 2 мүнөткө чейин кыска, кызыктуу жана мазмундуу видео тартуу.

💡 Баалоо критерийлери:

  • креативдүүлүк;
  • социалдык маанилүүлүк;
  • командалык иш;
  • позитивдүү жана шыктандыруучу ой.

📅 Видеороликтерди 20-апрелге чейин тайпа кураторлоруна тапшыруу же Google Дискке жүктөп, шилтемесин лицей администрациясынын электрондук почтасына жөнөтүү керек.

🎁 Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар жана Ардак грамоталар күтөт!

Бардыгыңыздарга ийгилик каалайбыз! 🌱✨