Өнөктөштүк жана кызматташтык
Жамангулы Тойгонбаев атындагы Профессионалдык лицей №2 (Каракол ш.) мамлекеттик жана жеке уюмдар, эл аралык донорлор жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташып, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иш алып барат.
Негизги өнөктөштөр
- «Кумтор Голд Компани» алтын казуучу компаниясы
- Ысык-Көл облусундагы жеке тигүү цехтери жана ательелер
- Каракол шаарынын жана райондордун кафе, ресторандары жана мейманканалары
- Автосервистер жана техникалык тейлөө станциялары
- Фермердик жана агрардык чарбалар
- Каракол шаардык мэриясы жана мамлекеттик мекемелер
- Санариптик билим берүү борборлору жана IT-компаниялар
Эл аралык кызматташтык
- Helvetas — кесиптик-техникалык билим берүүнүн сапатын жакшыртуу
- Европа Биримдиги — билим берүүнү модернизациялоого колдоо
- ADB (Азия өнүктүрүү банкы) — инфраструктураны өнүктүрүү
- Handicap International — инклюзивдүү билим берүү
- GIZ — кесипке багыттоо жана эмгек рыногуна даярдоо
Кызматташтыктын форматтары
- Студенттер үчүн өндүрүштүк практика жана стажировкаларды уюштуруу
- Лицей бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу
- Биргелешкен семинарлар, мастер-класстар жана сынактар
- Окуу устаканаларын жана лабораторияларды жабдуу
- Билим берүү долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу
Кызматташууга чакырабыз
Биз жаңы демилгелерге, долбоорлорго жана өнөктөштүк программаларга ачыкпыз. Эгерде сиз бизнес, НПО же мамлекеттик мекеменин өкүлү болуп, квалификациялуу кадрларды даярдоого салым кошууга даяр болсоңуз — биз менен байланышыңыз.
- 📞 Телефон: +996 (3922) 5-32-35
- 📧 Email: licey2jtoiginbaev@gmail.com
- 🏫 Дарек: Ысык-Көл облусу, Каракол ш., Дюшеева көч., 85-үй
Ишканалар менен түзүлгөн келишимдер
Лицей студенттердин өндүрүштүк практикадан өтүүсү жана келечектеги ишке орноштуруу максатында төмөнкү ишканалар менен кызматташат.
Тигүүчү (27 окуучу)
- ОсОО «Салкын» — Каракол ш., Гебзе көч., 124 (05.09.2024)
- ОсОО «Айко Сейко» — Каракол ш., Кыдыр аке көч. (05.09.2024)
- «Tex Four» тигүү цехи — Каракол ш., Пржевальский көч., 92 (04.09.2024)
Сантехник-слесарь (19 окуучу)
- ИП Язматов М. — Каракол ш., Куренкеева көч., 95 (11.09.2024)
- ОсОО «Эркин-Тоо сервис» — Каракол ш., Токтогул көч., 265 (12.09.2024)
Автоунаа оңдоочу слесарь (28 окуучу)
- Каракол архитектура борбору — Каракол ш., Кренкоезова көч. (06.03.2024)
- Кооператив «Маман органик» — Маман айылы (16.09.2024)
- СТО «Армада» — Каракол ш., Карга Аке көч., 2 (16.09.2024)
Ашпозчу-кондитер (28 окуучу)
- «СОНО» рестораны — Каракол ш., Боронбай хан көч., 77 (10.09.2024)
- «Руслан» комплекси — Каракол ш., Карасаева көч., 135 (04.04.2024)
- «Боорсок» кафеси — Каракол ш., Гагарина көч., 19/1 (09.09.2024)